Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек арада Тажикстандын агрессиясынан 31 адам жабыркады

Чек арада Тажикстандын агрессиясынан 31 адам жабыркады

Бүгүн, 16-сентябрь саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын саны 31 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, саат 13:00гө карата ыкчам маалымат боюнча Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу келип түштү.


"Учурда аталган ооруканага ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн