Теке 06, 2024
Убакыт: 16:59
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Чек арада бутуна ок тийген жоокер: Бутума турарыма ишенем (видео)

24.05.2021 15:16
1188
Чек арада бутуна ок тийген жоокер: Бутума турарыма ишенем (видео)

29-апрелде тажик аскерлеринин агрессиялык чабуулунан жаракат алып, учурда ооруканада жаткан Кубатбек окуя тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Али Токтакунов медиахабы билдирди.


Жоокердин айтымында, ага казарманы коргоо үчүн позиция алмаштырып жаткан кезде ок тийген. 


"Бизге казарманы коргоо тапшырмасы берилген. Көк-Таш айылында тажик аскерлер атып баштаганда бизге да команда келди биз да атып баштадык. Казарманы коргоо үчүн позициябызды алмаштырарымда жанымдагы аскердин бутуна ок тийди. Мен аны кармаганга чейин эле менин дагы сол бутума ок тийди. Ошону менен өзүмдү жоготуп, кайра өзүмө келип ошентип жаттым. Бир маалда бизди Баткенге алып бара жаткан тез жардам унаасын аткылай баштады. ошол жерде кайра колума ок тийди. Тез жардамдын айдоочусуна да ок тийген",- деди 27 жаштагы жоокер. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн