Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Капчыгай айылынын негизги унаа жолдоруна асфальт төшөө иштерине даярдык кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын 16-майында аталган айылдын негизги көчөлөрүндө унаа жолдоруна асфальт төшөө үчүн жолду тегиздөө жумуштары башталган.
Бүгүнкү күндө куруу иштерине 4 жүк ташуучу автосамосвал, 1 экскаватор, 1 вадовоз, 1 автопогрузчик тартылып, жол жумушчулары оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүүдө.
Учурда Капчыгай айылынын 500м чакырым жолу түздөлүп, асфальт-бетон төшөөгө даяр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн