Чек арада жайганшкан Көк-Таш айылында саат 14:00гө карата кайра атыш башталды. Эл бири-бирине таш ыргытышууда. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасынын кабарчысы билдирген.
Тажик тарап ок атууда. Кыргыз жарандарынан дагы 4 киши жаракат алган. Аларга жеринде медициналык кызматкерлер жардам көрсөтүүдө.
Эске салсак, чыр башы кечээ "Головной" суу бөлүштүрүү аймагында тажик тарап орноткон видеокамерадан улам башталган. Азыркы учурда эки тарапта да эл чогулуп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн