Бүгүн, 14-сентябрда Тажикстан аскерлери "Достук" чек ара заставасын аткылай баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 14.00гө карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын “Достук” чек ара заставасынын чек арачыларын көздөй ок чыгарышкандыгын маалымдайт.
Кыргыз чек арачылары жооп кайтарып ок чыгарышты.
Ок атышуу уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн