Лейлек районунун Арка айылында тажик аскерлеринин баскынчылык чабуулунан каза болгон Мадинанын апасы жана сиңдисинин абалы айтылды. Бул тууралуу Улуттук травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун дарыгери Алмаз Кубатбеков айтып берди.
"Апасынын белине жана далысына минаметтун чачырандылары тийген. Ал эми 10 жаштагы сиңдисинин бутуна вертолеттон атылган ок тийген. Аларга операция жасалып, ок жана чачырандылар чыгарылды. Азыркы учурда алар керектүү дарыланууну алып жатат",- деди Кубатбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн