Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Чек арада талкаланган, өрттөлгөн үйлөр бюджеттин эсебинен калыбына келтирилет

19.09.2022 13:16
785
Чек арада талкаланган, өрттөлгөн үйлөр бюджеттин эсебинен калыбына келтирилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров түз эфирде кыргызстандыктарга кайрылуусунда билдирди.


“Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө. Бүгүнкү күндө чек ара мейкиндигинде ажал бүрккөн ок атышуу токтогону менен интернет мейкиндигинде чагымчыл сөздөр жаңырууда. Мындай чыр-чатактын чекесин кыйытып, элдин аң-сезимин бурмалоого багытталган кеп-сөздөр белгилүү бир максатта – меймандос элибиздин карым-катышта болуп, кызматташып келе жаткан өлкөлөр менен болгон мамилесин суутуп, алардын ортосуна от жагууга багытталганын эсибизден чыгарбашыбыз кажет”, - деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн