Бугу 04, 2024
Убакыт: 22:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чек арада жашаган 5 айылдын тургундары облус башчысына айылдардагы көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылды

30.03.2022 09:42
701
Чек арада жашаган 5 айылдын тургундары облус башчысына айылдардагы көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылды

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев чек ара окуясында жабыркаган Баткен районунун Аксай, Көк-Терек, Достук жана Таш-Тумшук айылдарынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, облус башчысы менен бирге бардык облустук мекеме ишканалардын жетекчилери барып, айыл элинин бир катар суроолоруна жооп беришип, көпчүлүк маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.


Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлгө чек ара айылдарынын социалдык абалы, инфраструктурасы боюнча бир катар суроолор узатылды.


Жашоочулар арасында негизинен таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу айыл чарба багытындагы маселелер жана чек ара айылындагы элдин коопсуздугу боюнча да айтылды.


Бүгүнкү күндө Баткен районунун Аксай, Көк-Терек, Достук, Таш- Тумшук жана Көк-Таш айылдарында жарыктандырууга акча бөлүнүп, атайын тендер өткөрүлүп, жумуштар башталган.


Облус башчысы айыл элинин коопсуздугу ички иштер кызматкерлери менен чек арачылардын күнү-түнү көзөмөлүндө экенин айтып, кооптонбоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.


Ал эми айтылган маселелер боюнча жолугушууга катышкан жетекчилерге облус башчысы жеринде тапшырмаларды берди.


Ошондой эле эл менен болгон жолугушууда Баткен облусуна берилген өзгөчө макамдын алкагында каралган жеңилдиктер боюнча да тиешелүү мамлекеттик кызматтын жетекчилери тарабынан элге толук маалыматтар жеткирилди.


Абдикарим Алимбаев жолугушуунун жыйынтыгында алдыда чек аралаш аймактагы элдин жашоо шартын жакшыртуу жаатында пландуу жумуштар ишке ашырыларын белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн