Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 20:49
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Чек арада жашаган Адилдин атасы Россияда камакта калтырылды

27.05.2021 08:39
1544
Чек арада жашаган Адилдин  атасы Россияда камакта калтырылды

18-апрелде Орусиянын аба майданынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитовдун бөгөт чарасы бүгүн, 26-майда Нижний Новгород шаардык сотунда каралып, бир айга камакта калды. Бул тууралуу анын ишине көз салып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова билдирди.


“Сотто тажик прокуратурасы Мажитовду Дүйшөмбүгө өткөрүп берүү сунушун келтирген экен. Алар мыйзам чегинде иш алып барабыз деп айтышкан. Бирок Россиянын соту тергөө иштери аяктагыча Мажитовду Нижний Новгород шаарындагы абакта бир айга калтырды”, - деди Аманова.


Маалыматка ылайык, Эсенбай Мажитовдун укугун сотто россиялык адвокат коргоп жатат.


Эсенбай Мажитов Орусиянын Нижний Новгород шаарына жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Ага Тажикстандын "оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы" себеп болгон. Орусиянын укук коргоо органдары калайман башаламандык уюштурууга айыптап кармаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн