Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чек арада жашаган адамдарга курал берүү сунушталды

19.05.2021 17:49
2895
Чек арада жашаган адамдарга курал берүү сунушталды

«КР Чек ара ыйгарым мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына чыгарылып, коомдук талкууга коюлду. Аны депутаттар Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Мирлан Жеенчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова, Улугбек Садыков демилгелеген.


Маалым болгондой, мыйзам долбоордо чек ара аймагында жашаган жергиликтүү жарандардан, тактап айтканда, ошол жерди мыкты билген адамдардан атайын кошуун түзүү, аларды аскердик окуудан, машыгуулардан өткөрүү, зарыл болгон учурда курал колдонуусуна уруксат берүү маселелери сунушталган. Айта кетчү жагдай, курал-жарак же коргонуу каражаттарын берүүнү Министрлер кабинети аныктайт.

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Венера
Албетте бериш керек. Соссуз турдо окуудан отуп, ич ара командирлерин да тактап армия тущуп койгон он. Жок дегенде оздорун коргошу керек да!
Уланбек.Караев.Анарбайович.
Чек арада жашаган,ар бир айылдарда элим жерим деген,мыкты эр азаматтарыбыз бар,аларды окутуунун кажети да жок,баары службада болгон. Эн туура сунуш,тез арада мыйзам чегинде ошолорго кандайдыр бир укук берилиш керек.
Майрамбеков Алтынбек
Бериш керек
Талантбек
Эн туура, Туркиянын практикасынан колосок туура болот, себеби Вандагы Кыргыздарыбыз армия менен биргеликте чек арены карап жатышпайбы
Алыкул Камалов
Созсуз турдо уруксат берилсин