Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:00
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чек арадагы айылдардан 1400дөн ашык адам эвакуацияланды

Чек арадагы айылдардан 1400дөн ашык адам эвакуацияланды

Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арага жакын жайгашкан айылдардан убактылуу көчүрүлүп чыккан жарандарга зарыл болгон буюмдар менен жетиштүү түрдө камсыздоо боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштурууда.


КР ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, жалпысынан 1420 тургун эвакуацияланган. Алардын 1200ү туугандарыныкына жайгашкан. Калган 200дөн ашык жаран убактылуу жашоочу жайга жеткирилди.

Учурда кооптуу аймактан убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлүп чыгарылган жарандар 400дөн ашуун негизги керектелүүчү буюмдар менен (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) камсыз болууда.


Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 25 даана он орундуу, 3 даана отуз орундуу чатыр даярдалды.


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды кабыл алууда кошумча дагы даярдыктарды көрүүдө.


Эскерте кетсек, эвакуация жумуштарына 90 куткаруучу тартылып, Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өткөрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн