Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Чек арадан мыйзамсыз өтүп, эт жүктөп чыгып бара жаткан тажикстандык кармалды

26.07.2023 11:40
501
Чек арадан мыйзамсыз өтүп, эт жүктөп чыгып бара жаткан тажикстандык кармалды


Баткен облусунун Лейлек районунда чек араны бузуп кирип, койдун 700 килограмм этин алып чыгып баратканда Тажикстандын жараны кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.


Маалыматка таянсак, 23-июлда таңкы саат 05:30 чамаларында Тажикстандын Согд облусунун Худжант шаарынын тургуну, 30 жаштагы Н.Ф. Toyota Avensis Verso үлгүсүндөгү автокөлүгү менен Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирген. Ал Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылынан аткезчилик менен койдун эттерин алып чыгып баратканда ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалган.


Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси ("Экономикалык контрабанда") жана 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берилген.


Кылмышка шектелген тажикстандык Н.Ф. убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаасы айып короого коюлган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн