Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чет өлкөдөн келген жарандардын баары эле стационарга жаткырылбайт

21.03.2020 09:48
627
Чет өлкөдөн келген жарандардын баары эле стационарга жаткырылбайт


Чет өлкөдөн кайтып келген жарандардан оорунун белгилери байкалса гана дарыылоого жаткырылат. Бул тууралуу, Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков айтты.


“Иш-аракеттер алгоритми алмашты. Эми чет жактан өлкөгө кайтып келгендерде оорунун симптомдору (жөтөл, дене табы ысык) байкалса гана, алар стационарга жаткырылат. Эгерде оорунун эч кандай белгилери жок болсо, жаран үй шартында обсервацияга киргизилет. Бирок карантиндин талаптарын бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт. Айта кетсек, чет өлкөлөрдөн келген жарандардын ар биринен лабораториялык анализдер алынат”, - деди Исаков.


Эске салсак, учурда коронавируска каршы окуудан 800 медицина кызматкери өткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн