Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чет өлкөлүк инвестордон опузалап 250 миң алып жаткан жеринен Ленин райондук милициясынын кызматкери кармалды

25.02.2022 17:50
1014
Чет өлкөлүк инвестордон опузалап 250 миң алып жаткан жеринен Ленин райондук милициясынын кызматкери кармалды

 Опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу түрдө көрүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө КР ИИМнин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын ИИББнын Ленин райондук ШИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын капитаны Ж.С.Т. чет элдик инвестордон акча талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды.

     Тергөөчү Ж.С.Т. 380 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМне жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган Түркиянын жараны Д.Ш. 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган. 

     КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.С.Т. келип түшкөн арызды кароонун оң натыйжасы үчүн чет элдик инвестордон 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

     Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК ишкерлерди жана инвесторлорду мамлекеттик, муниципалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча талап кылган учурда Кыргыз Республикасынын УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 66-04-75; 62-65-04 телефон номери аркылуу кайрылууну өтүнөт. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн