Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:04
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чыңгыз Айдарбеков эмне себептен өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду

28.11.2022 16:29
542
Чыңгыз Айдарбеков эмне себептен өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Чыңгыз Айдарбековдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча түшүндүрмө берди.


Анын айтымында, Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүлгөн.


"Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович өтө жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем. Кесиптешибиз Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат беребиз",- деп билдирди Акаев.


Буга чейин 26-ноябрда кыргыз-казак чек арасында Эмил Жамгырчиев кармалып, ал эми Айдарбеков өткөрүлгөнү айтылган.

Кийинчерээк Жамгырчиев дагы коё берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн