Депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинин төрагалыгынан бошотулду. Мындай чечим парламент тарабынан бүгүн, 20-октябрда кабыл алынды.
Анын кызматтан кетишине 43 депутат "макул", 16сы "каршы" добуш берди.
Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комитетин чечимине кол койбой койгон. Мындан улам депутат аны комитет төрагалыгынан кетирүү аракети болгонун билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн