Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

29.06.2023 09:48
1761
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү


Кыргызстандын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы кол койду.


Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек. Анын ишин уюштуруучулук, усулдук жана башка камсыздоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлдү.


Уюштуруу комитетинин курамына министрлер кабинетинин мүчөлөрү, облус жетекчилери, илим, маданият ишмерлери, жазуучулар, кино ишмерлери кирди.


Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда төрөлүп, 2008-жылы 10-июнда каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн