Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Чынгыз Ажибаев: Сүлүктүдөгү кургак учукту даарылаган бөлүм жабылбашы керек

17.02.2022 10:36
1118
Чынгыз Ажибаев: Сүлүктүдөгү кургак учукту даарылаган бөлүм жабылбашы керек

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев Сүлүктү шаарында жайгашкан кургак учук ооруканасы тууралуу маселе көтөрдү.


Анын айтымында, кургак учукту даарылаган бөлүм жабылса, адамдар Баткенге барып дарыланууга туура келет.


"Сүлүктү шаарында кургак учукту даарылаган бөлүмдү жабабыз деп жатышат. Аны жапса адамдар Баткен шаарына барып дарыланууга туура келет. Ал өз учурунда оорулуулар үчүн чоң көйгөй жаратат. Ошондуктан бул бөлүм жабылбаш керек",- деди депутат Ажибаев.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Илхом
Только вперёд досум
Гүлкайыр
Эн туура айтыптыр Чынгыз Ажибаев .Ден соолук кадырын ооруган жан билет .кургак учукка каршы күрөшүү бөлүмү жабыла турган болсо элди аябай эле кыйнап коёт мнистир эсине келип элди ойлосун
Мустапакул
Мен ушул больницаны ачык калдырууну сиздерден суранат элем биз Лейлек районунан Баткен областна барып дарыланууга шартыбыз туура келбейт урматтуу Садыр Жапаров ушул Сулукту шаарында туберкулёзный больницаны ачык иштеп турушун сизден суранып кетебиз
Кенжегул
Туптуура маселени көтөрүп чыгыпсыз, Кургак учук оорусу тез айыкпайт