Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чынгыз Ажибаев билим берүү деңгээлин көтөрүү маселесине токтолду.
Депутат Чыңгыз Ажибаев аймактарда билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу жана Баткен облусунун мектеп бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жогорку окуу жайларына жеңилдетилген түрдө тапшыруу зарылдыгын баса белгиледи.
Эл өкүлү ошондой эле өкмөттү Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында талкаланган чек ара аймактарындагы мектептерди калыбына келтирүүнү тездетүүгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн