Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 08:52
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Мирлан Маратов кармалды

13.10.2023 13:54
443
Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Мирлан Маратов кармалды


Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Мирлан Маратов Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Ага карата Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Тергөөнүн маалыматы боюнча, Маратов 2021-жылдын күзүндө Лексус унаасын жана анын документтерин (каттоо күбөлүгү жана ишеним кат) күрөөгө коюп, 10 миң доллар алып кеткен. Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин шашылыш маселелерди шылтоолоп, унааны насыяга алууну суранган. Бирок ал унааны кайтарып бербей, сатып жиберген.


Маратов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Ички иштер министрлиги белгилегендей, ал мурда сот жообуна тартылып, кримтөбөлдөр менен тыгыз байланышта болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн