Чын курандын 23, 2025
Убакыт: 23:18
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.040
1.090

Чолпон-Атадагы "Уют" жана "Уют плюс" мейманканалар мамлекетке кайтарылды

23.04.2025 17:39
31
Чолпон-Атадагы "Уют" жана "Уют плюс" мейманканалар мамлекетке кайтарылды


"Уют" жана "Уют плюс" мейманкана комплекстери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.К.А. аттуу жарандын расмий киреше булактары жоктугу аныкталып, бирок ошол эле учурда – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борборундагы кымбат баалуу үч кабаттуу коммерциялык жайды, "Уют" жана "Уют плюс" мейманкана комплекстерин мыйзамдаштырып алганы аныкталды.


Аталган К.К.А. буга чейин, маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) жакын шериги болгон жана анын кылмыш жолу менен табылган каражаттарын легалдаштырууга катышып жүргөн.


Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, К.К.А. жогоруда аталган мүлктү Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн