Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чолпон Султанбекова: Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан эмес, айдоочу эрежени билбегендиктен болуп жатат

27.04.2022 14:21
864
Чолпон Султанбекова: Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан эмес, айдоочу эрежени билбегендиктен болуп жатат

Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардан эмес, айдоочу эрежени билбегендиктен болуп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып келүүгө кагаз түрүндө чектөө киргизилген менен үчүнчү өлкөлөрдөн эски унаалар келип жатат.


"Биз шайлоо алдында эл кыдырып жүргөндө шайлоочулар оң рулдуу унаалардын маселесин чечүүнү суранган.

Азыркы учурда Армения, Абхазия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу унаалар алынып келип жатат. Алардын ээси унаасын сата да албайт, өзүнө каттай дагы албайт.

Ал номерлерди коопсуз шаардын камералары дагы окубайт.


Ошон үчүн биз маселени чечүү үчүн оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берүүнү мыйзамдаштырууну сунуштадык. Анткени Кыргызстан эски оң рулдуу унаалардын өлкөсү болуп калды.


Мыйзамга ИИМ жол кырсыктары оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатат деп каршы чыгууда. Жол кырсыктары оң рулдуу унаалардын айынан эмес, жол эрежелерин билбеген айдоочулардын айынан болуп жатат",- деди депутат Султанбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн