Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чоң-Алайда жол кырсыгынан 4, 6 жаштагы бала жана бир киши каза болду

Чоң-Алайда  жол кырсыгынан 4, 6 жаштагы бала жана бир киши каза болду

Чоң-Алай районунда жүк ташуу унаадагы контейнер жолдо бараткан “Портерди” басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ош-Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 66-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичиндеги контейнери, карама-каршы жолдо келе жаткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен.


Кырсыктын кесепетинен 4 жаштагы А.Б. жана 6 жаштагы А.А. аттуу балдар жана 36 жаштагы Ж.У. аттуу эркек киши каза болуп, 29 жаштагы Н.Э. аттуу эркек киши жабыркаган.


Жерине төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн