Бугу 06, 2024
Убакыт: 12:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Чоң Чүй каналынан 34 жаштагы жарандын денеси табылды

Чоң Чүй каналынан 34 жаштагы жарандын денеси табылды

Бүгүн, 23-январда Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 34 жаштагы жарандын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


 Маалым болгондой, Чүйдүн Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында белгисиз жарандын сөөгү суу тосмосунда жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 


Жерине №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып беришкен. Аталган жаран буга чейин ЧЧКда изделип жаткан 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек жаран экендиги аныкталды.


Эске салсак, жогорудагы аталган жаран 19-январдан бери ӨКМдин куткаруучу, суучулдары тарабынан Чоң Чүй каналынан изделип жаткан.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн