Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чу дарыясына унаа түшүп кетип, эки киши көз жумган

Чу дарыясына унаа түшүп кетип, эки киши көз жумган


1-июль күнү  Тоуоta Corolla үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чу дарыясына түшүп кетип, кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 65 жаштагы М.Г.  жана 41 жаштагы Ж.А. аттуу эки жаран каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, 1952-жылы туулган И.Л. жана 1972-жылы жылы туулган Н.Л. аттуу эки аял киши жабыркаган. Окуя Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылында орун алган.


Жерине саат 21:17де  ӨКМдин  Аламүдүн райондук N1 ӨККБдан 3 куткаруучу чыгып, саат 21:30да жеткен. Куткаруучулар Октябрь айыл өкмөтүнүн эксковатору менен дарыяга түшүп кеткен унааны чыгарып, каза болгон жарандардын сөөгүн  ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Айта кетсек, бул ишке аймактагы Чек ара кызматынын кызматкерлери да жардам көрсөтүшкөн. Ал эми жабыркаган эки аял тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн