Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:05
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу каналына бөгөт коюлду

07.07.2023 13:53
402
Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу каналына бөгөт коюлду


УКМК тарабынан Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде мыйзамсыз ташылып келинген күйүүчү-майлоочу майларды сатуу боюнча ири кампа табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ал жер тиешелүү уруксат кагаздары жана мамлекеттик органдарда каттоо документтери жок май куюучу жай катары жабдылганы аныкталган.


Учурда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте аныкталган фактыларды документтештирүү, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн