Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:13
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чүй облусунда бейтаптар азайып, 2 стационар иштеп жатат

27.08.2020 14:42
1005
Чүй облусунда бейтаптар азайып, 2 стационар иштеп жатат

Чүй облусу боюнча 2742 орундук 244 күндүзгү стационар уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев билдирди. 


Анын айтымында, жалпысынан бүгүнкү күнгө 115916 үй чарбасы, 345168 адам каралып, 8006 адам аныкталган, алар тиешелүү дарылоону дайындоо үчүн медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилген. 


"Бүгүнкү күндө бейтаптардын саны азайып, 2 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул стационарларда госпитализацияга кажети жок бейтаптар капельница алып, ийне сайдырганга мүмкүнчүлүк алууда", - деди Элкинбек Аширбаев. 


 Белгилей кетсек, бул станционарлар биринчи күндөрү 7000 ашык адам кабыл алынса, учурда орточо 30 адам кабыл алынып жатат. Кайрылгандардын саны азайгандыгына байланыштуу көбү убактылуу жабылган. Күндүзгү стационарлар ачылгандан бери бүгүнгкү күнгө чейин 121 миң 777 адам кайрылган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн