Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чүй облусундагы суу тартыштыгын чечүүчү жолдорун Израилдин компаниялары менен биргеликте изилдеп баштадык

21.07.2021 19:26
2232
Чүй облусундагы суу тартыштыгын чечүүчү жолдорун Израилдин компаниялары менен биргеликте изилдеп баштадык


Учурунда министр болуп турганда, декабрьда Панфилов, Жайыл, Москва райондорун кыдырып, суу таңкыстыгын чечүүчү жолдорунун бири катары ОЧК-2 (обводной чуйский канал) долбоорун Өкмөткө сунуш киргизгем. Ал 15,5 км каналды Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги 52 миллион долларга баалап салышкан. Башкача айтканда каналдын 1 километри 3,35 миллион долларга бааланган. Мен техникалык-экономикалык негиздемесин берүүсүн талап кылгам. Тилекке каршы аны алганга жетишпей калдым, анткени жумуштан бизди кетирип салган.


Ушул долбоорду бир топ эсе арзаныраак жазатыш үчүн ирригация технологиялар боюнча дүйнөлүк лидерлер менен байланышып жатам. Алар биздин өкмөттүн кетире турган каражаттын көлөмүн угуп алышып, кадимкидей эле шок болуп жатышат. "Каналды эмне алтындан салайын деп жатышабы" - деп күлүп таңгалышты.


Бул долбоорду сөзсүз ишке ашырыш керек. Бирок акчаны ысырап кылбай, сол чөнтөккө бир да тыйынды кетирбей ишке ашырыш керек.


Бул каналды салсак, 400 миллион кубометр сууну жылда Казахстан тарапка жердин асты менен агызып жоготпой, батыш БЧКга кирип жаткан азыркы секундада 60м3 көлөмдөгү сууга, кошумча 72-85 м3 сууну кошобуз.


Бул бүткүл Чүй облусунун дыйкандарынын суу таңкыстык көйгөйүн чечип берет.
Азыркы өкмөт мени душман катары көрбөй, сунуштарымды туура кабыл алышса, жалпы элибизге жакшы жардам болот эле.



Тилек Токтогазиев, мурдагы айыл чарба министри

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн