Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси УКМКнын тергөө абагына камалды

27.06.2023 11:59
367
Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси УКМКнын тергөө абагына камалды


20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Эске салсак, УКМК Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.

Ушул жылдын 24-июнунда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн