Бештин айы 03, 2022
Убакыт: 05:41
USD
84.50
85.50
EUR
89.00
90.00
RUB
1.360
1.410

Чүйдө 2 килограммдай баңгизатты абакка ыргытууга аракет кылган жаран кармалды

Чүйдө 2 килограммдай баңгизатты абакка ыргытууга аракет кылган жаран кармалды

Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын №3 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-сентябрда саат 01.45 чамасында мекемеге скотч менен оролгон 3 таңгакты ыргытууга аракет кылган учурда Ш.У.Ж . аттуу КР жараны кармалган.


Милициядан белгилешкендей, таңгактын ичинен кара-жашыл түстөгү, гашишке окшош өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 70 граммды түзгөн зат табылган.


Кармалган адам жана чогултулган материалдар кошумча тергөөгө өткөрүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн