Чүйдө 700 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
5-сентябрь күнү Жайыл районунун Эриктүү айылына караштуу "Коператив Спутник" дачасында аянты 50 чарчы метр болгон сеновал жана 700 даана түк чөп күйүп кетти.
Өрттү өчүрүүгө Жайыл райондук №22 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм тартылды. Өрт саат 18:10до чектөөгө алынып, 21:00до толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн