Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чүйдө агасы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды

Чүйдө агасы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды


Кеминде агасы инисин өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-июнда Кемин райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген.

Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барып, үйдөн 1992-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин киши өлтүрүү беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, маркумдун аталаш агасы 1979-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайыга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн