Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Чүйдө поезд эл ташыган унааны сүзүп 1 адам набыт болуп 12 адам жаракат алды

14.03.2020 10:48
835
Чүйдө поезд эл ташыган унааны сүзүп 1 адам набыт болуп 12 адам жаракат алды

Чүй облусунун Москва районунда поезд жүргүнчү ташыган унааны сүзүп, 12 адам жаракат алып 1 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-мартта саат 19:30дар чамасында болгон.  

"Жол кырсыгы 13-мартта, саат 19:30дар чамасында Петровка айылындагы темир жолдо болгон. Анда жүргүнчүлөрдү алып бара жаткан Мерседес-Бенц кичи автобусу темир жолдо поезд менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 12 адам жаракат алып, 53 жаштагы К.Б. аттуу аял каза болду. Кичи автобус 66 жаштагы жарандын башкаруусунда болгон", - деп айтылат аталган маалыматта.  

Ошондой эле аталган маалыматта окуя Кылмыштардын жана жоруктадын бирдиктүү реестрине катталып, учурда кырсыктын келип чыгуу себеби тактоо иштери жүрүп жатканы айтылат.
https://www.super.kg/kabar/news/298235/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн