Чын курандын 16, 2025
Убакыт: 15:17
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Чүйдө үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Чүйдө үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду


10-октябрь күнү саат 23:35 чамасында ӨКМге Москва району, Петровка айылы Водоемный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Жерине №15 ӨКБдан бир бөлүм тартылып, саат 23:47 өрт болгон жерге жетип, саат 00:05 өрт чектөөгө алынган жана 01:00 толук өчүрүлдү. 


Жалпы аянты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.


Өрт кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болгон, учурда аты жөнү такталууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн