Чүйдө жол кырсыгынан өспүрүм улан-кыздар жабыркап, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
31-март күнү Москва районунун Төлөк айылында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 6 адам 4 эркек И.Б. 2002-жылы туулган, А.У. 2002-жылы туулган, 2 эркектин аты-жөндөрү такталууда жана 2 кыз: А.Ж. 2005-жылы , Ж.Э. 2001-жылы туулган жабыркаган.
2 эркек К.Б. 2001-жылы туулган, 1 эркектин аты-жөнү такталууда каза болгон.
Жерине КР ӨКМнин 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматы менен Москва райондук ооруканага алып жеткирилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн