Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 19:17
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Чүйдүн тургунунан 20 миң доллар уурдаган мал багуучу кармалды

28.10.2020 12:29
531
Чүйдүн тургунунан 20 миң доллар уурдаган мал багуучу кармалды

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 20 000 АКШ долларын уурдоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Прогресс айылынын жашоочусу кайрылып, үйдөн 20 000 АКШ доллар акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Аталган факты КЖБРге Жазык кодексинин 200-беренесинде  (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча катталган. Бул кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн милиция кызматкерлери бир катар ыкчам жана тергөө амалдарын жүргүзүшүп, жабырлануунун   жанында жүргөн адамдар суралган. 


Мындан аркы иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жабырлануучунун кол алдында мал багуучу болуп  иштеген жаран акча каражаты жоголгондон кийин жашырынып качып кеткендиги такталган. Чүй районунун милициясы анын өздүгүн тактап, ал тоноо үчүн бир нече жолу  мурда соттолгон 1984-жылы туулган К.Е. экендиги белгилүү болгон. 


Ыкчам көрүлгөн чаралардын натыйжасында  ыкчам кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен К.Е. кармалып, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн