Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19: Баткенде оорунун очогу болгон аймактарда санитардык талаптар күчөтүлдү

02.10.2020 10:03
1017
COVID-19: Баткенде оорунун очогу болгон аймактарда санитардык талаптар күчөтүлдү


Акыркы учурларда Баткен облусунда коронавирус оорусу менен ооруган жарандар Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынан көп катталууда.  Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 


Маалыматка караганда, 1-октябрда коронавирус боюнча облуста 77 жаңы учур катталган болсо, анын 34ү Кадамжай районунан, анын ичинен 11и Халмион айылынан катталды. Күн сайын айыл аймактан 10дон, 20га чейин учурлар катталууда. 


Мындан улам аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен, 1-октябрда Кадамжай районунун Халмион айылындагы “Баяман баатыр” базарына рейд жүрдү. 


Айыл аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, райондук штабдын чечими менен, “Баяман баатыр” базарында жума, ишемби жана дүйшөмбү күндөрү санитардык күн деп белгиленген. 


Рейд учурунда базардын кире беришине дезинфекциялоочу туннель орнотулуп, жарандар тепловизордон текшерилип, беткап менен базарга киргизилип жатканы маалым болду. Базардын соодагерлерине беткап жана кол кап менен иштөө талабы коюлуп, тамактануучу жайлар санитардык талаптарды сактоо менен иш алып барууда. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн