Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19 жана коомчулуктан пайда болгон пневмониянын 85 жаңы учуру катталды, деп билдирди КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
Анын ичинен: 28 адам оорунун белгилеринин пайда болушуна байланыштуу кайрылган, 57 адам өлкөдөн учуп кетип жаткандыгына байланыштуу ПЧР текшерүү учурунда аныкталган.
Алсак, аймактар боюнча: Бишкек шаарында – 76, Ошто – 3, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2.
Бардык аныкталгандардын ичинен 18 адам COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн.
Бүгүнкү күндө 73 адам амбулатордук дарыланууда, 12 адам ооруканада жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн