Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:33
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

COVID-19: Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда абал кандай?

23.05.2020 14:03
1065
COVID-19: Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда абал кандай?


Коронавирус илдетин жаңы учурлары Борбор Азия мамлекеттеринде күн сайын катталып жатат. 22-майга карата инфекцияны эң көп жуктургандар Казакстанда болсо, каза болгондор Тажикстанда көп катталды.


Маалыматка ылайык, коронавирус эпидемиясын жуктургандар Казакстанда 7919, Өзбекстанда 3078, Тажикстанда 2552, Кыргызстанда 1365  адамга жетти.


Ал эми илдеттен сакайгандар Казакстанда 4 096, Өзбекстанда 2 492, Тажикстанда 1 089, Кыргызстанда 957 бейтапка жетти.


Ошол эле учурда дарттан каза болгондор Тажикстанда 44, Казакстанда 35, Кыргызстанда 14, Өзбекстанда 13 кишиге жетти.

 

Ал эми Түркмөнстанда коронавирус илдетин жуктургандар жок экенин билдирип келишет. Бирок ага карабастан өлкөдө акыркы коңгуроо жана башка бир катар иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн