Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

COVID-19: Күз-кыш мезгилине карата өлкө боюнча 5 миңге чейин орун даярдалат

05.08.2020 10:34
955
COVID-19: Күз-кыш мезгилине карата өлкө боюнча 5 миңге чейин орун даярдалат


Күз-кыш мезгилине карата COVID-19 илдетин дарылоо үчүн жалпы республика боюнча 5 миңге чейин орун даярдалат. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясатын жүргүзүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди. 


Анын айтымында, россиялык дарыгерлердин сунуш-пикирлерин эске алуу менен бирге “Семетей” обсервациясын толук кандуу жугуштуу оорулар бейтапканасына айлантуу аракети көрүлүп жатат.


"Семетей” обсервациясын лабораториялык жана сорттоочу пункттары менен бирге инфекциялык жай катары түзүүнү пландаштырып жатабыз. Анткени, ал жерге жалпысынан 550 бейтапка чейин жаткырса болот. Мындан сырткары кир жана таза зона бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан. Муктаж болгон учурда консервацияланган күндүзгү стационарларды кайра ачуу мүмкүн", - деди ал.


Нургүл Ибраеванын айтымында, учурдагы эпидемиологиялык абалдын турукташканына байланыштуу күндүзгү стационарлар консервацияланууда. Ал жайлардын иши толугу менен токтотулбайт. Керектүү учурда кайра бейтаптарды кабыл алууга даяр турат. 


Учурда Бишкек шаарында ачылган төрт күндүзгү стационардын экөө консервацияланды. Калган эки жайда жаткан бейтаптар сакайып, үйлөрүнө чыгарылышы менен алар дагы консервацияланмакчы. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн