Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: Дарыгерлер окуудан өтүп жатышат

24.09.2020 17:43
866
COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: Дарыгерлер окуудан өтүп жатышат

Коронавирус инфекциясынын божомолдонгон экинчи толкунуна даярдануу планынын алкагында, Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча дарыгерлердин жана медайымдардын мультидисциплинардык командасы (МДК) үчүн окутуу программасынын концепциясын иштеп чыгып, бекитти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, окутууну ЮСАИДдин жардамы менен “Тренерлердин тренинги” аталышындагы моделдин негизинде өткөрүү пландалууда, ага ылайык ар кандай адистиктеги МДК дарыгерлери COVID-19 менен ооруган адамдарга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүп, ошондой эле башка дарыгерлерди окутуу үчүн керек болгон билимге ээ болушат. 


МДКнын түзүмүнө кызыл зоналарда иштөө тажрыйбасы бар, ар кандай адистиктеги мотивацияланган дарыгерлер кирет, алардын арасында пульмонолог, инфекционист, реаниматолог, кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог, эндокринолог, психолог жана башка адистер бар. Тренер жана окутуучулар катары, профессор Т.Сооронбаев жана А.Кутманованын координаторлугу алдында медицина илиминин ар кандай тармагынын алдыңкы адистери тартылды.


14-сентябрдан 19-сентябрга чейин Бишкек шаарында улуттук деңгээлдеги биринчи сертификацияланган мобилдик МДК окутулуп, 17 дарыгер жана 11 медайым даярдалды, азыр алар жардам көрсөтүүгө жана башка дарыгерлерге тренинг өтүүгө даяр. Улуттук деңгээлдеги экинчи МДКны окутуу Ош шаарында 21-сентябрь күнү башталды, окуу 26-сентябрга чейин уланат. Жакын арада республиканын ар бир регионунда дагы 7 мобилдик МДКны окутуу жана даярдоо пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн