Камактагы Даниэл
Ажиевдин жактоочусу Таалайгуль Токтакунова айыпталуучунун өмүрү үчүн кооптонуп
жатканын айтып чыкты.
Жактоочунун айтымында, Ажиевди Бишкектеги №1 СИЗОдо жазасын өтөп жаткандар коркутууда.
“Ал жалпы камерада отурганда аны коркутуп, тез-тезден сабап, басынткылары келген. Мындан улам ал өзүн кесүүгө аргасыз болуп, ошондо гана жеке камерага которушкан. Учурда жаракаттары калыбына келип калып, тергөө администрациясы аны кайра жалпы жайга которуп салуусу мүмкүн. Мен ЖАМКтын жетекчилигине, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана акыйкатчыга Даниэлге жардам бергиле деп кайрылуу жолдодум. Чогуу отургандар ага өтө катаал мамиле кылган жана аны ал жакка кайра киргизүүгө болбойт”, - деген Таалайгуль Токтакунова.
Ошондой эле, 4-июнда Бишкек шаардык сотунда Даниэл Ажиевдин жазык иши караларын, жактоочулар аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрыларын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн