Кыргызстанда вебкам-студияларынын тармагын уюштурган деп кармалган Даниэл Ажиевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул туурасында Биринчи май райондук соту билдирди.
Анын баш коргоо чарасы бүгүн каралып, судья УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы келтирген өтүнүчтү канааттандырган. Ага ылайык, 29-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында калтырылды.
Белгилей кетсек, УКМК көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп, анын жетекчиси катары Даниэл Ажиевди айыптаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн