Эквадордо бүгүн президенттик шайлоо өтүп анда, учурдагы президент Даниэль Нобоа кайрадан төрт жылга Эквадордун президенти болуп шайланды. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 37 жаштагы Даниэль Нобоа 55,92 пайыз добушка ээ болгон. Нобоа өлкөнүн азыркы президенти, ал бийликке келгенине дээрлик бир жарым жыл болгон. 2023-жылы күзүндө ал мөөнөтсүз шайлоодо жеңип, Эквадордун тарыхындагы эң жаш лидер болгон.
Шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгонун билгенден кийин ал Санта Елена провинциясындагы резиденциясынан билдирүү жасап, колдоочуларына ыраазычылык билдирген.
“Бул жеңиш тарыхый болду. 10 упайдан ашык айырма менен алдыга чыктым”, - деди ал.
Нобоа өлкөнүн эң бай адамдарынын бири Альваро Нобоанын уулу, ал дагы бир нече жолу президенттикке ат салышып, бирок жеңишке жетише алган эмес.
Жаш президент Нью-Йорк университетинин Стерн бизнес мектебинде, Гарвардда жана Жорж Вашингтон университетинде окуган.
2021-жылы Эквадордун Улуттук ассамблеясынын депутаты болуп, анда Россия-Эквадор парламенттик достук тобун жетектеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн