Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев "Бикард" жеке клиникасына которулду. Бул тууралуу "Кактус.медиа" булактарына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, бир жума мурда Нарымбаев катуу ооруп калган. Жактоочулар аны ооруканага которууну суранган, бирок УКМКнын тергөө абагы ага жол берген эмес.
Эскерте кетсек, Данияр Нарымбаев Кумтөр иши боюнча кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн