Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев "Бикард" клиникасынан УКМКнын тергөө абагына которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу "Азаттык" үналгысына билдирди.
"Негизи Нарымбаев коронавирус болуп, саламаттыгы начарлап, өпкөсү 50 пайыздан ашык эки тараптуу кагынгандыктан дарыланып жаткан эле. Абалы жакшырды дешти, бирок, жүрөгүнө операция жасалбай калды. Дарыгерлер анын жүрөгүнө операция жасоо зарыл экенин айтышкан болчу",- деп билдирген жактоочу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн