Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Изделип жаткан өспүрүм эже-сиңдилер Баткенден табылды

03.08.2020 17:15
1168
Изделип жаткан өспүрүм эже-сиңдилер Баткенден табылды


Жалал-Абад облусунда дайынсыз болуп жаткан бир туугандарды милиция таап, апасына өткөрүп берди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Буга чейин 2004-жылы туурган С.Н. жана 2005-жылы туулган  С.Н. 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. 


"ЖМКга маалымат жарыяланган соң, бир тууган кыздардын болжолдуу жүргөн жери аныкталган. Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кыздар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан табылып, Ноокен районуна алып келинип, апасына өткөрүлүп берилген. Кыздарды сураган учурда Кызыл-Кыяга тааныштарыныкына кетип калгандыгын билдирген.


Өспүрүмдөрдүн апасы кыздары аман табылганына сүйүнүп, милицияга жана жакындан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн