Кээде анализ тапшырганда же витамин алганда, «ушунча акча кетти, бул акчага башка нерсе алсам болмок» деп ойлойбуз. Бирок ойлонуп көрсөң, сен ден соолуктан ажыраганда иш токтойт, максат артка жылат, үй-бүлө камкордукка муктаж болот. Ал эми энергия дээрлик азайса, сен өзүңдү жоготосуң.
Саламаттык өзүнөн-өзү эле жакшырбайт. Аны сактабасаң, баасы кымбатка турат. Биз муздаткыч, телефон, автоунаа үчүн акча тапканга көнүп калдык, бирок ден соолукка келгенде “аксайбыз”.
Чынында болсо:
- бүгүнкү анализ – эртеңки оорунун алдын алат;
- бүгүнкү витамин – күч-кубат берет,
- бүгүнкү кеңешме – он жылдык өмүрдү узартат.
Сен ден соолугуңду эмес, өзүңдү сактап жатасың: сапаттуу уйкуңду, маанайыңды, денеңдин жеңилдигин, тынч жашооңду, күчтүү ишиңди. Бул чыгым эмес. Капитал. Ар бир профилактика келечектеги ыраазычылыкка айланат. Жөн гана көртирлик эмес, толук кандуу жашоо үчүн. Бүгүн өзүңө кам көр – эртең ден соолугуң сага рахмат айтсын!
Эрмек Исмаилов
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн