Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутат Нурбаев мигранттарды инвестор катары кароону сунуштады

12.01.2023 11:24
308
Депутат  Нурбаев мигранттарды инвестор катары кароону сунуштады



Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев жаңы жылдын алгачкы күндөрү Россия Федерациясына барып, эмгек мигранттары менен жолугушуп келгенин маалымдады.


Мекендештер менен өткөрүлгөн жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлөр тууралуу сөз кылган депутат миграциялык каттоо маселеси курч экенине токтолду.


“Тагыраагы, жашаган жери боюнча каттоого туруу кыйын болгондуктан, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн юридикалык жактын дареги боюнча каттоого туруу колдонулуп келет. Бирок бул миграциялык мыйзамдарды бузуу катары каралып, мекендештерибизге ыңгайсыздык жаратууда”, – деген Жалолидин Нурбаев мигранттарга укуктук көмөк көрсөтүү маселеси да чоң көйгөй экенин кошумчалады.


Андан тышкары, эмгек мигранттары арасында кылмыш жообуна тартылгандар да көбөйүп жатканын эске салган депутат камалгандарды Кыргызстанга кайтаруу маселесин чечүү да учур талабы экенин кошумчалады.


“Миграция тармагын социалдык багыттан гана карабай, инвестициялык, экономикалык мүмкүнчүлүк катары да да карап, бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет көрүшүбүз керек. Анткени, чет жердеги мекендештерибиз акыркы 10 жылда эле 23 млрд АКШ долларынын тегерегинде каражат которгон”, – деди эл өкүлү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн