Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат: 11-апрелдеги добуш сатып алуу кайра эле кайталанып жатат

07.07.2021 12:38
568
Депутат: 11-апрелдеги добуш сатып алуу кайра эле кайталанып жатат

11-апрелдеги добуш сатып алуу кайра эле кайталанып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.


Анын айтымында, күч органдары көзөмөлдү күчөтүшү керек.


"11-апрелде жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодон азыркы шайлоо айырмаланбай жатат. Жанагы эле көрүнүш кайталанып калбасын. Добуш сатып алгандар кайра эле квартал жетекчилери менен иштешип добуш сатып алууда.


Укук коргоо органдары шайлоо жыйынтыгы жокко чыккандан кийин бул жолу таза, адилеттүү шайлоо өткөрөйлү",- деди депутат.


Эске салсак, Маматалиев Бишкек шаардык кеңешине бара жаткан "Ынтымак" партиясынын төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн